Difference between revisions of "АМИЛ СПИРТТЕРИ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
С5Н11ОН – алифаттык каныккан бир атомдуу спирттер. Орг. эриткичтерде
жакшы эрип, минералдык к-талар ж-а өсүмдүк майлары м-н бардык көлөмдө аралашат. Анын 8 изомери белгилүү. Алардын ичинен изоамил спиртинин мааниси чоң. Ал жагымсыз жыттуу, түссүз, сууда начар эрүүчү суюктук, кайноо t 132°С. Аларды алуунун негизги булаты – сивуха майын ачытуу. Көпчүлүгү 1-хлор-З-метилбутанды 30% түү NaOH м-н гидролиздөөдөн алынат. Алар парфюмерияда, ок-дары жасоодо, жемиш эссенцияларын алууда колдонулуучу татаал эфирлерди синтездөөгө жумшалат, о. эле сыр, боёкторду эритүүдө да колдонулат.