Difference between revisions of "АМЕРИЦИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 (лат. Americium), Am – жасалма

жол м-н алынган радиоактивдүү элемент. Ат. н. 95, ат. м. 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун ат. м. 243. А-ди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс, Л. Морган ж-а Гиорсо Am241 изотобу түрүндө плу- тонийди нейтрон бөлүкчөлөрү м-н нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан «А» деп аташкан. А – күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см3. Таза металл түрүндөгү А. 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, б. эрүү темп-расынын так мааниси белгисиз. А. Зтөн 6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү Зкө барабар. Ат. радиусу 1,82 А, үч валенттүү абалындагы ионунун радиусу 1,00 А. Бардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек м-н өз ара аракеттенишип, гидридци пайда кылат. Кычкылтек м-н реакцияга кирип, бир нече оксиддерди АтО, Ат203, Ат02 берет. Ал эми галогендер м-н үч валенттүү А-дин галогендүү бирикмелерин – AmF3,
AmCl3, AmBr3 пайда кылат.