Difference between revisions of "АМАДУ Жоржи"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Жоржи (10.8.1912, Пиранги – 6. 8. 2001,

Сальвадор ш.) – бразилиялык жазуучу, коомдук ж-а саясий ишмер. Бразилия жумушчу кыймылынын активдүү катышуучусу. Рио-де-Жанейродо юрид. ф-тте окуган. 1961-жылдан Бразилия академиясына мүчө. «Какао» (1933), «Тер»
романдарында кедей-дыйкандардын аңсезиминин ойгонушун чагылдырат. «Учу-кыйырсыз жерлер» (1943), «Сан Жоржи дос Ильеус» (1944) аттуу роман-экилтигинде, «Кызыл үрөндөр» (1946), «Азаттык подпольеси» (1952), «Түн күзөтчүлөрү» (1964) ж. б. повесттери м-н аңгемелеринде рев-ячыл маанайды, эмгекчилердин турмушун, күрөшүн, образдарын реализм позициясынан чагылдырган. «Тентиген кыздын кайта келиши» (1977) аттуу романы бар. Анын
чыгармалары дээрлик бардыгы орус тилине которулган. Эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1951).