Difference between revisions of "АЛЬП ТООЛОРУ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(кельт тилинде alp – бийик
тоо) – Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Монако, Словения, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер Ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түн.-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо м-н тоо массивдеринин татаал системасы. Уз. 1200 кмдей (догонун ички чети б-ча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден ж-a Комо көлдөрүнүн аралыгында А. т-н кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоол о р у н а (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) ж-а жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектон. кыймылынан пайда болгон. А. т-нун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварцфиллиттүү сланец) байыркы тоо тектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары
ж-а азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң
км2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү
м-н түбөлүк кардын этеги 2500–3200 мге чейин
түшөт.
Капталдарындагы туурасынан ж-а узатасынан
созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө
ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль ж-а темир
жолдору өтөт (к.
таблицаны).
Кыр зонасынан
түн.-батыш ж-а
түштүктү карай мезозоидук акиташ тектүү ж-а
доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш ж-а молас формацияларынан турган
орто бийик ж-а жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат.
А. т. – Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түн. ж-а батыш
тарапка мелүүн климаттуу аймак, түш. таранка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу
ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын
өлчөмү батыш ж-а түн.-батыш айдарым каптал -
дарында 1500–2000 мм, айрым жерлеринде
4000 ммге чейин. А. т-нан Рейн, Рона, По, Адиже д., Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, ЛагоМажоре ж. б.) көп.
Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түш. капталдарыныкы – жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жер ортолук деңиз
бадалдары ж-а жазы жалбырактуу токой өсөт.
800–1800 м бийиктикте климаты мелүүн ж-а
нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой м-н алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык
өнүккөн. 2200–2300 м бийиктикке чейин суук
субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат.
Бадал ж-а өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы
жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп
шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар
жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык
алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу.
А. т. – Европанын рекреациялык ресурстарга
бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм
ж-а тоо лыжа спорту өнүккөн.
Table 2: Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар
Ашуунун аты | Деңиз деңг.
бийиктиги (ж)
|
Жайгашкан
жери
|
Транспорттук мааниси |
1 | 2 | 3 | 4 |
Тенда | 1870 | Жээк Альп тоолору | Турин (Италия)-Ницца (Франция) шоссе
ж-а темир жолдору
|
Фрежюс | 2538 | Кот Альп тоолору | Туннел аркылуу Турин (Италия)-Лион
(Франция) темир жол өтөт.
|
Мон-Сени | 2083 | Кот ж-а Грай Альп тоо-
лорунун аралыгында
|
Турин (Италия)-Лион (Франция) шоссеси |
Кичи Сен-Бернар | 2188 | Грай Альп тоолору м-н
Монблан массивинин
аралыгында
|
Аоста (Италия) - Альбервиль-Гренобль
(Франция) шоссеси
|
Чоң Сен-Бернар | 2469 | Пеннин Альп тоолору-
нун батыш чети
|
Аоста (Италия) - Мартиньи-Виль-Лозанна
(Швейцария) шоссеси
|
Симплон | 2005 | Пеннин ж-а Леопонтин
Альп тоолорунун ара-
лыгы
|
Милан-Домодоссола (Италия)-Бриг-
Лозанна (Швейцария) шоссеси. Ашуудан
чыгыштагы Симплон туннели аркылуу
жогорудагы пункттарды туташтырган те
мир жол өтөт.
|
Сен-Готард | 2108 | Леопонтин Альп мас-
сиви
|
Лугано - Беллинцона (Италия) - Альт-
дорф - Цюрих (Швейцария) шоссеси ж-а
темиржол (тунел аркылуу)
|
Сан-Бернардино | 2065 | Леопонтин Альп тоо
лору
|
Лугано - Беллинцона (Италия)- Кур
(Швейцария) шоссеси
|
Бреннер | 1371 | Эцталь ж-а Циллерталь
Альп тоолорунун ара
лыгында
|
Больцано (Италия)- Инсбрук (Австрия)
шоссеси ж-а темир жол
|