Difference between revisions of "АЛЬП ТООЛОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
134 -сап: 134 -сап:
|-
|-
|}
|}
<br>
<table anchor = 'АЛЬП ТООЛОРУ' name='Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар'/>
Ад.: ''Добрынин Б. Ф.'' Физическая география Западной
Ад.: ''Добрынин Б. Ф.'' Физическая география Западной
Европы. М., 1948; ''Трюмпи Р.'' Тектоническое развитие
Европы. М., 1948; ''Трюмпи Р.'' Тектоническое развитие

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(кельт тилинде alp – бийик

тоо) – Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Монако, Словения, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер Ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түн.-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо м-н тоо массивдеринин татаал системасы. Уз. 1200 кмдей (догонун ички чети б-ча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден ж-a Комо көлдөрүнүн аралыгында А. т-н кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоол о р у н а (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) ж-а жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектон. кыймылынан пайда болгон. А. т-нун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварцфиллиттүү сланец) байыркы тоо тектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары

АЛЬП ТООЛОРУ. Орографиялык схема

ж-а азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң км2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү м-н түбөлүк кардын этеги 2500–3200 мге чейин түшөт.
Капталдарындагы туурасынан ж-а узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль ж-а темир жолдору өтөт (к. таблицаны).
Кыр зонасынан түн.-батыш ж-а

Альп тоолору. Маттерн чокусу.

түштүктү карай мезозоидук акиташ тектүү ж-а доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш ж-а молас формацияларынан турган орто бийик ж-а жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат.
А. т. – Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түн. ж-а батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түш. таранка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш ж-а түн.-батыш айдарым каптал - дарында 1500–2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. А. т-нан Рейн, Рона, По, Адиже д., Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, ЛагоМажоре ж. б.) көп.
Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түш. капталдарыныкы – жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жер ортолук деңиз бадалдары ж-а жазы жалбырактуу токой өсөт. 800–1800 м бийиктикте климаты мелүүн ж-а нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой м-н алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200–2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал ж-а өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу.
А. т. – Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм ж-а тоо лыжа спорту өнүккөн.
Table 2: Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар

Ашуунун аты
Деңиз деңг.
бийиктиги (ж)
Жайгашкан
жери
Транспорттук мааниси
1 2 3 4
Тенда 1870 Жээк Альп тоолору
Турин (Италия)-Ницца (Франция) шоссе
ж-а темир жолдору
Фрежюс 2538 Кот Альп тоолору
Туннел аркылуу Турин (Италия)-Лион
(Франция) темир жол өтөт.
Мон-Сени 2083
Кот ж-а Грай Альп тоо-
лорунун аралыгында
Турин (Италия)-Лион (Франция) шоссеси
Кичи Сен-Бернар 2188
Грай Альп тоолору м-н
Монблан массивинин
аралыгында
Аоста (Италия) - Альбервиль-Гренобль
(Франция) шоссеси
Чоң Сен-Бернар 2469
Пеннин Альп тоолору-
нун батыш чети
Аоста (Италия) - Мартиньи-Виль-Лозанна
(Швейцария) шоссеси
Симплон 2005
Пеннин ж-а Леопонтин
Альп тоолорунун ара-
лыгы
Милан-Домодоссола (Италия)-Бриг-
Лозанна (Швейцария) шоссеси. Ашуудан
чыгыштагы Симплон туннели аркылуу
жогорудагы пункттарды туташтырган те­
мир жол өтөт.
Сен-Готард 2108
Леопонтин Альп мас-
сиви
Лугано - Беллинцона (Италия) - Альт-
дорф - Цюрих (Швейцария) шоссеси ж-а
темиржол (тунел аркылуу)
Сан-Бернардино 2065
Леопонтин Альп тоо­
лору
Лугано - Беллинцона (Италия)- Кур
(Швейцария) шоссеси
Бреннер 1371
Эцталь ж-а Циллерталь
Альп тоолорунун ара­
лыгында
Больцано (Италия)- Инсбрук (Австрия)
шоссеси ж-а темир жол


Ад.: Добрынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Трюмпи Р. Тектоническое развитие Центральных и Западных Альп, в сб.: Тектоника Альпийской области. М., 1965. Физическая география материков и океанов. М., 1988. Ө. Бараталиев.