Difference between revisions of "АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– альпинисттерди
машыктырып, спорттук чеберлигин өркүндөтүү үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир А. л. спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт ж-a керек буюм-тайымдар м-н камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик ж-a жыл бою иштөөчү А. л-лер болот. Кырг-ндагы А. л-лердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-ж. уюштурулган. Чоң Алай р-нунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош ш-нан 320 км аралыкта, деңиз деңг. 3700 м бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-ж. ачылган, АлаАрча капчыгайында, деңиз деңг. 2100 м бийиктикте, Бишкектен 42 км аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категориясына ээ. 3) «Ала-Too» 1972-ж. Каракол шнда уюшулган. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат.