Difference between revisions of "«АЛТЫН КЫЗ» драмасы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– кыргыздын алгачкы муз. драмасы. Либреттосун Ж. Бөкөнбаев, музыкасын
Власов м-н В. Фере жазган. Адегенде (1937)

кыргыз драма театрында (реж. Ө. Жетикашкаев, балетмейстери – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Г. Айтиев, дирижёру – Ш. Орозов, хормейстери – П. Меркулов), кийин (1949) Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында (реж. А. Куттубаев, К. Эшимбеков, дирижёру – А. Жумакматов, сүрөтчүсү – А. Арефьев) коюлган. Башкы ролдорду аткаргандар: А. Куттубаева (Чынар), А. Боталиев (Жалар), А. Малдыбаев (Кузнецов),

Б. Бейшенбаева (Чынардын энеси), М. Кышто

«Алтын кыз» драмасынан көрүнүш.

баев (Берик дубана), К. Жантөшев (Момуш), К. Эшимбеков (Калыбек ырчы). Драмада коллективдештирүү мезгилинде кыргыз элинин турмушундагы орчундуу учурлар: жаңыча жашоого умтулган жалындуу деми, эркин эмгеги, келечекке болгон ишеними, жаңы коомдун түзүлүшү м-н кошо жаралып жаткан жаңыча маанилердин орношу баяндалат. Кыргыз угармандарынын көркөм табит-таламдарына жакын элдик күү-обондордун негизинде жөнөкөйлөштүрүлүп жазылган «А. к.» узак убакыттар бою сахнада коюлуп келген. Ага толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизип, тереңдетип иштеп чыгып, В. Власов м-н В. Фере операга айланткан (1974).