Difference between revisions of "«АЛТАН ТОБЧИ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:19, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма.

Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «А. т-нин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы ту-у ралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы Чынгыз хан, Үгөдөй, Хубилайдан тартып, Линданханга чейинки 270 жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «А. т-нин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.