Difference between revisions of "АЛТАЙ Айдарбек уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Айдарбек уулу (1872, Нарын өрөөнү -

ө. ж. белгисиз) – төкмө акын. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1922-ж. А-га жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайып-Булак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. К. Мифтаков А-дын чыг. ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы м-н, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Анын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет», «Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» ж. б. чыгармаларында кеңири чагылдырылган.