Difference between revisions of "АЛП СОЛ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Табу Хэцзу, Тапу–9-к-дагы кыргыз кол башчысы (кыт. цзян-цзюнь) ж-a элчиси. 840-ж. кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол
канатын жетектеген ж-a Енисейдеги Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон.
842-ж. ноябрь айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Ал
кыргыз-уйгур мамилелери ж-a уйгурлардын туткунунда калган кытай
императорунун кызы
Тхай-Хэ тууралуу маалыматтарды жеткирген.
Мындан кийин 843-ж.
март айында кыргыз каганынын атынан Чшу-у
Хэсу (Чугу Алп Сол),
843-ж. июлда Вэнь-у Хэ
(Ургу Алп), 843ж. августсентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры ж-дөгү саясий иштерден сырткары, соода-экон. карым-катнашты кайра жандандыруу
үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга
жөнөткөн (к. Кыргыз-кытпай дипломатпиялык
мамилелери).
Ө. Ж. Осмонов, сүрөтчүсү Р. Исаков.