Difference between revisions of "АНКЛАВ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(фр. enclave, лат. inclavo – кулпу -
лайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы м-н толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер
А-дын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар
болсо, ал жарым А. деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык,
этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда
А-дык аймак тар, А-дык мамлекеттер, жарым
А-дар, шаар ичиндеги А-дык кварталдар бар.
А. мамлекет катары Лесото королчулугу (Түш.
Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми А. шаармамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн
орун алган Ватикан эсептелет. Жарым А. – Монако княздыгы Франция м-н курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым
А. катары эсептелип, Литва, Польша ж-а Балтика деңизи м-н чектешип турат. Мароккодогу
Сеута ж-а Мелилья ш. – А-дары испандардын
бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен
калган. Европа континентиндеги Швейцария
мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон А.,
Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог
А-дарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу ж-а азыркы учурда бул А-дардын экон. саясий жактан
өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында
аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-ж. Британиялык Индиянын Индия Союзуна ж-а Пакистанга бөлүнүшү
көп сандаган А-дардын пайда болушуна алып
келген. 1971-ж. Чыгыш Пакистандын ордуна
Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да А-дык
маселелерди толук чече алган жок.
Совет бийлигинин 1924-27-жылдарда О. Азия
республикаларында улуттук-мамл. чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн ишчараларынын натыйжасында, азыркы учурда
алардын арасында бир кыйла татаал эл аралыкукуктук маселеге айланган А-дар пайда болгон. Алар: Кырг-ндын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай А-дары. Өзбекстан
чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кырг-ндын
Барак А-дары. С. Аламанов.