Difference between revisions of "АНГЛИЯДАГЫ РЕВОЛЮЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(17-к.) – Англиядагы коомдук мамилелердин ж-а башкаруу формасынын радикалдуу өзгөрүүсүнө алып келген диний-саясий ж-а социалдык конфликт. А. р. жаңы бурж. коомдун саясий принциптерин жа-рыялаган жалпы европалык масштабдагы со-циалдык рев-я болгон. Анын жүрүшүндө оор социалдык-экон., саясий кризисти башынан өткөрүү м-н Англия жаңы цивилизацияга кадам койгон.

Рев-янын башталышына король Карл I Стюарттын мамлекетти парламентсиз башкаруусу, өзүнүн жакын аристократтарына монополиялык укуктарды ыйгаруусу, француздарга ж-а испандыктарга каршы жүргүзүлгөн согуштун ийгиликсиз аякташы, о. эле Шотландияда протестанттык чиркөөнү англикан чиркөөсү м-н алмаштыруу үчүн жүргүзүлгөн согушта королдук аскерлердин жеңилиши түрткү болгон. Каражатсыз ж-а дээрлик аскерлеринен айрылган Карл I «Узак парламент» (1640–42, 1660) деген атка конгон жаңы парламентти чакырууга аргасыз болот. А. р. аталган парламент м-н королдун ортосундагы каршылашуу формасында жүргөн.
А. р-нын I этабы (1640–42) конституциялык мезгил деп аталган. Бул мезгил ичинде парламент кайрадан чакырылып (Узак парламент), элдин нааразычылыгын пайда кылган королдук министрлердин (граф Страффорд, архиепископ Лод) кызматтан алынышы ж-а соттолушу, саясий куугунтукталгандарды бошотуу ж-а сот процессии ачык жүргүзүүнү кийирүү, монополияларды жоюу сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлгөн.
А. р-нын II этабы (1642–47) рев-янын жогорку чегине жетиши ж-а биринчи граждандык согуш м-н мүнөздөлөт. 1642-ж. январда Карл I «Улуу Ремонстрациянын» (бул документ парламент тарабынан 1641-ж. декабрда кабыл алынып, бурж.-дворяндык оппозициянын программасы болгон. Анда епископтукту жоюу, жарандардын керт башынын кол тийбестигин ж-а мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо, монополияларды жоюу талабы коюлган) шарттарын аткарууну талап кылган парламенттик беш депутатты камакка алуу аракетине парламент каршы чыккан. Жеңилүүгө аргасыз болгон Карл I 1642-ж. Лондонду таштап, өлкөнүн түндүгүнө кеткен ж-а августта парламентке каршы согуш жарыялаган. Граждандык согуштун башталышында общиналар палатасынын мүчөсү Оливер Кромвель парламенттик аскерлерди жетектеген. Кромвель регулярдуу парламенттик армияны түзүүгө жетишип, 1645-ж. 14-июнда королдук аскерлерди Нейзбинин алдындагы салгылашууда толук талкалайт. Карл I түндүккө качып, шотландиялыктарга багынып берген.
А. р-нын III этабында (1647–49) экинчи граждандык согуш башталып, рев-я демокр. этапка өткөндүгү м-н мүнөздөлөт. Рев-ялык демилге эл массаларынын колуна өткөн. Парламенттин король м-н сүйлөшүү ж-а рев-ялык армияны таркатуу (март, 1647) аракеттери өлкө б-ча элдик, анын ичинде аскерлердин өзүлөрүнүн да нааразычылыктарын пайда кылган. О. Кромвель ж-а Ферфакс парламенттеги пресветериандык көпчүлүк депутаттардан кол үзүп, армияга таянуу м-н 1647-ж. июнда Карл I камакка алат. Бирок король Шотландияга качып кетип, алар м-н жашыруун союз түзгөн. Ага жооп кылып парламент король м-н мамилесин толук үзгөн ж-а 1648-ж. экинчи граждандык согуш башталган. Королду жактаган роялисттердин аскерлери Кромвелдин мыкты уюшулган аскерлеринен бат эле жеңилген. 1648-ж. сентябрда согуш аяктаган. Общиналар палатасы эл ж-а армиядан жашыруун король м-н кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Кромвель чечкиндүү кадамдарды жасоо м-н королду Херст түрмөсүнө камаган. 1648-ж. 6-декабрда парламентте «Прайд тазалоосу» жүргүзүлүп, анда полковник Прайд общиналар палатасынын кире беришине өз аскерлери м-н кайтаруу коюп, король м-н компромисске макул болгон депутаттарды киргизбей койгон. Андан соң Карл I Стюарттын кылмыштарын териштирүү үчүн Жогорку Сот түзүлүп, анын чечими м-н 1649-ж. 30-январда королдун башы жалпы эл алдында алынган. Англияда республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1649-ж. 17-июнунда кабыл алынган мыйзам б-ча королдук бийлик жоюлган, парламент өлкөдөгү жогорку бийлик органы катары жарыяланган. 1653-ж. 20-декабрда Кромвель Узак парламенттин делегаттарын кууп таркатып, 1653-ж. Англияда жаңы Конституция «Башкаруу куралы» кабыл алынган. Ал б-ча Кромвель Англия, Ирландия ж-а Шотландиянын лорд-протектору кызматын алып, өлкөнү парламент м-н чогуу башкарган. Англия протекторат мезгилинде полициялык мамл-ке айландырылып, жарандардын жеке турмушу да мамл. көзөмөлгө алынган. 1658-ж. 3-сентябрда О. Кромвель дүйнөдөн кайтып, бийлик анын уулу Ричардга өткөн. Ричард Кромвелдин учурунда бийлик кайрадан парламентке өткөн. Парламенттин өлкөдө реформаларды ишке ашырууга жөндөмсүздүгү элдик нааразычылыктарды күчөткөн. 1659-ж. күзүндө генерал Ламберт армиянын жардамы м-н парламентти таркатып, аскердик диктатураны орноткон. Аскердик диктатура мезгилинде өлкөдө саясий стабилдүүлүк калыбына келтирилбестен, тескерисинче элдик толкундоолор күч алган. Натыйжада бурж.дворяндык союз монархиялык бийликти калыбына келтирүүнү чечет. Шотландиядагы аскерлерди жетектеген генерал Монк Лондонду ээлеп, жаңы парламент чакырган. 1660-ж. 26-майда Англияда кайрадан монархиялык башкаруу калыбына келтирилип, Бред декларациясынын шарттарынын негизинде Карл II такка отурушу м-н Англияда Стюарттардын монархиясы калыбына келтирилген. Монархиялык бийлик ж-а англикан чиркөөсүнүн укуктары калыбына келтирилгендигине карабастан, республика ж-а протекторат мезгилинде кабыл алынган негизги мыйзамдар (жерге болгон жеке менчиктин мыйзамдаштырылышы, ж. б.) өз күчүн сактап калган ж-а Стюарттардын өлкөдө абс. монархияны калыбына келтирүү аракетине жооп кылып, буржуазия ж-а джентри 1688-ж. «Даңктуу революцияны» ишке ашырышкан. Анын жыйынтыгында Англия конституциялык-парламенттик монархияга айланган.
А. р. жаңы бурж. коомдун саясий принциптерин жарыялаган европ. масштабдагы биринчи социалдык рев-я болгон. Монархия кулатылып, респ. түзүлүштү жарыялоо м-н, кийинчерээк монархиянын калыбына келтирилишине карабастан бул рев-янын натыйжасында бүткүл Европада бурж. коомдук-саясий түзүлүшкө өтүү процессине негиз салынган. Ад; Законодательство английской революции: 1640- 1660 гг. /Под ред. Н. П. Дмитриевского. М.- JI., 1946; Барг М. А Великая английская революция в портретах ее деятелей. М., 1991; Английская буржуазная революция 17 века/ Под ред. Е. А. Косьминского и Я. А. Левицкого. В 2-т. М., 1973. А А Арзыматова.