Difference between revisions of "АНАЛИЗДИК ЖАНА СИНТЕЗДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– грамматикалык же логикалык ар
тараптуу анализдин негизинде, элементтерге
ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү ж-дөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө
чындык таза логикалык анализ жолу м-н орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой
жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. А. ж-а С. о. ж. деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык
түшүндүрмө берет. Канттын ою б-ча синтездик
априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги
логикада ж-а илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун
мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт.
Ушуну м-н аналитикалык дүйнөнү кароонун
акыркы өбөлгөлөрү м-н байланыштуу. Ал эми
синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү м-н байланыштуу.
Ш. К. Алиева.