Difference between revisions of "АНАКСАГОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Кичи Азиядагы Клазоменден

(б. з. ч. 500-428) – байыркы грек философу ж-а окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган ж-а жерг. филос. мектепти негиздеген. Анын көз карашы милет мектебинин (Анаксимендин) ж-а Парменидцин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. окуусун космогониялык гипотеза түрүндө белгилеген: дүйнөнүн алгачкы абалы кыймылсыз, формасыз аралашма түрүндө болот ж-а алар эсепсиз көп майда, сезимтал бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деп эсептеген. Убакыттын кандайдыр бир учурунда ж-а мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма бат айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир ички мамиледе – акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы филос. ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасир көрсөткөн. Ал Күндүн ж-а Айдын тутулуусуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу. Ш. К. Алиева.