Difference between revisions of "АНАКОНДАЛАР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(Eumeces) – жалган буттуу
жыландардын түркүмү. 4 түрү бар. Түш. Американын түн. ж-а борб. бөлүгүндө жашайт. Кадимки А. учурдагы эң ири чоң жылан (уз. 11 мге чейин). Ал суу, көл жээктеринде, саздарда, Амазонка дарыясынын алабында, Тринидад ж-а Тобаго а-нда кездешет. Сууда мыкты сүзөт, көпкө суу астында болуп, балык, каймандар, куштар, сүт эмүүчүлөр м-н азыктанат. Үй жаныбарларына, чанда кишиге кол салат. Кургак - чылык мезгилде дарыя нугундагы ылайды оюп кирип, анда жаан мезгили башталганга чейин жатат. Ал учурда активдүүлүгү төмөндөйт. 15- 25тен (чанда 40ка чейин) тууйт. Улам саны азаюуда. Айрым зоопарктарда өстүрүлүүдө.