Difference between revisions of "АНАБОЛИЗМ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка ж-а ткань структурасын түзүүчү
ж-а жаңылоочу орг. бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин к-таларынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын
бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан ж-а мономерлерден синтезделет (ассимиляция). Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн
катаболизм процессинде (диссимиляцияда,
биол. кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ
түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. А. жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт.
Мис., фотосинтез, белок, нуклеин к-тасы, май
синтези маанилүү А. болуп эсептелет. Организмдин запас заттары ж-а тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал
заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (А-дик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү
ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия
бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу).
Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.