Difference between revisions of "АНАБАПТИСТТЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(гр. anabaptizo – кайра сууга салам, б. а. кайра чокундурам) – 16-к-да

Швейцария, Германия, Австрия, Моравия ж-а Нидерландыда жаралган протестанттык кыймылдын жактоочулары. Алардын өзгөчөлүгү өз мүчөлөрүн экинчи жолу (аң-сезимдүү куракка жеткенде) чокундурушкан. А. чиркөөнүн башкаруу иерархиясын айыпташкан, мүлктү жалпыга таандык кылууга үндөшкөн. Крест жортуулуна (1524–26) катышкан. 1934-ж. Мюнстердик коммунаны түзүшкөн, бирок ал 1535-ж. католиктик аскерлер тарабынан талкаланган. Учурда А-дин ишин 3 протестанттык кыймьш (амиштер, гуттериттер, меннониттер) улантууда. Алардын 57 өлкөдө 730 миндей жактоочулары бар.