Difference between revisions of "АМУР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
5 -сап: 5 -сап:
болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят.
болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят.
Уз. 2824 ''км'' (Аргундун башатынан 4444 ''км'' 0,
Уз. 2824 ''км'' (Аргундун башатынан 4444 ''км'' 0,
алабынын аянты 1856 миң ''км2,'' анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея д-нын
алабынын аянты 1856 миң ''км<sup>2</sup>,'' анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея д-нын
чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат.
чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат.
Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү
Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү
11 -сап: 11 -сап:
мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги
мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги
куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари,
куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари,
Уссури (оң). Орт. чыгымы 10800 ''м3/сек,'' эң көп
Уссури (оң). Орт. чыгымы 10800 ''м<sup>3</sup>/сек,'' эң көп
чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 ''м/сек''
чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 ''м/сек''
(жайында кирет), эң аз чыгымы 345 ''м3/сек.'' Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир
(жайында кирет), эң аз чыгымы 345 ''м3/сек.'' Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Хара-Мурэн – «кара

дарыя»; кытайча Хэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка ж-а Аргунь д-нын кошулушунан пайда болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Уз. 2824 км (Аргундун башатынан 4444 км 0, алабынын аянты 1856 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея д-нын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңеет; мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орт. чыгымы 10800 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м/сек (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. А-дан 1 суткада 41 миң т агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жаты ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга ж. б.) кармалат, А. – Ы. Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) ш. жайгашкан.