Difference between revisions of "«АМИРАНИАНИ» эпосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 («Күн баласы») – байыркы

грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар м-н жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, б. з. ч. 5-4-к-да эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. А. ж-дөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.