Difference between revisions of "АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– байыркы Хорезм
чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (б. з. ч. 9–7
к.) таандык археол. мад-т. 1937-40-ж. КараКалпакстан Респ-нын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында
табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов А. мад-ты деп өзүнчө
бөлгөн. А. мад-тынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы
м-н кесип кылган А. мад-тына түбү жалпак,
капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала
идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан
жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары ж-а аны куя турган калып табылган.