Difference between revisions of "АМАНАЛИЕВ Жусупбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Жусупбек (1932-ж. т., Нарын

обл., Жумгал р-ну) – педагог, педагогика илимд. доктору (1992), проф. (1994). КРдин эмг. сиң. мугалими. Кыргыз мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүтүргөн (1953). 1953-63-ж. Жумгал р-нундагы Чаек орто мектебинде мугалим, директор, АтБашы р-нундагы балдар үйүнүн директору, партиянын Тянь-Шань обкомунун үгүт-насыят бөлүм башчысынын орунбасары. 1963-69-ж. КРдин элге билим берүү министрлигинин мектептер башкармасында иштеген, 1989-жылдан орус тили ж-а ад-ты ин-тунда декан, Бишкек гуманитардык ун-тинде проректор. 100дөн ашык ил. эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.