Difference between revisions of "АМАЗОНКА ОЙДУҢУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
3 -сап: 3 -сап:
алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле
алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле
Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында.
Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында.
Аянты 5 млн ''км2''ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) ж-а Бразилия
Аянты 5 млн ''км<sup>2''</sup>ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) ж-а Бразилия
(түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый
(түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый
ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын
ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 Амазония – Түш.

Америкадагы табигый аймак. Амазонка д-нын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) ж-а Бразилия (түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш А. дөңсөөлүү (бийикт. 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар м-н агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балыку уулап, о. эле дыйканчылык м-н кесип кылат. Кен байлыктары – марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз ж-а алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. А-нын түш. бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.