Difference between revisions of "АМАЗОНКАЛАР"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– грек мифологиясындагы
Арес кудайы м-н Гармониядан таркаган согушчан аялдардын уруусу. Уламыштар б-ча А. Кичи Азиядаты Фемискир тоосунун жанындагы Фермодонт д-нын жээктеринде ж-а Меотида көлүнө (Азов д.) жакын, Кавказ тоосунун этектеринде жашашкан. Алар Арес ж-а Артемидага сыйынышкан. А. ж-дөгү уламыштарда алардын эркектерди жек көрүшөөрү, бирок өз уруусун сактап калуу, тукум калтыруу үчүн гана башка уруулардын эркектери м-н байланышка барышаары тууралуу айтылат. Жаңы төрөлгөн эркек балдарын аталарына берип салышкан же төрөлгөндө эле өлтүрүшкөн, ал эми уруу арасында кыздарды гана калтырышып, аларга согуш өнөрүн үйрөтүшкөн. Жаа, айбалта, жеңил калкандар м-н куралданышын, курал колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн, кыздардын сол жак (кээде оң жак) көкүрөгүн күйгүзүп же баса таңып салышкан. А-дын ханышасы Ипполита тагынып жүрүүчү Арес кудайынын кемерин өз кызына алып берүү үчүн, Эврисфей падыша Гераклды жөнөтөт. Геракл Фемискирди курчап, Ипполитаны өлтүрүп, кемерине ээ болот. Бул жортуулга Геракл м-н кошо аттанган Тесей амазонка Антиопаны (айрым версия б-ча Ипполита ж-а Меланипаны) уурдап кетет. Ушундан кийин А. Афиныга кол салышып, бирок жеңилип калышат. Антиопа Тесейге уул төрөп берет. Байыркы грек искусствосунда А-дын ажайып сулуулугу, о. эле грек жоокерлери м-н салгылашып жаткан учурлары (б. а. амазономахия) чагылдырылган. А. м-н олимпиялык баатырлардын салгылашуулары ж-дөгү мифтерде матриархат доорунун элементтери камтылган.