Difference between revisions of "АЛЮМИНОТЕРМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(алюминий	ж-а гр.

therme – жылуулук) – металлдарды ж-а металл эместерди (о. эле куймаларды) алардын кычкылтектүү бирикмелеринен алюминий металлынын жардамы м-н калыбына келтирип алуу процесси. Анда алюминий майда күкүм түрүндө колдонулат. А-да башка металлдарга караганда алюминий кычкылтек м-н аракеттенгенде өтө көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Жылуулук металлдардын көп бөлүнүүсүнө ж-а анын шлактардан толук тазаланышына негизги шарт болуп эсептелет. А. марганец, хром, ванадий, вольфрам ж. б. металлдарды алууда ж-а болоттон жасалган буюмдарды, рельстерди ширетүүдө колдонулат.