Difference between revisions of "АЛЮМИНИЙ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(лат. Aluminium), AI – элементтердин мезгилдик системасынын 3-тобунан
орун алган хим. элемент, ат. н. 13, ат. м. 26,
9815. Жер кыртышында таралышы б-ча металлдардын ичинен 1-орунду ээлейт (8,8%). Жаратылыштагы негизги бирикмелери – алюмосиликаттар, боксит, корунд ж-а криолит. Жылуулукту, электрди жакшы өткөргөн, коррозияга
туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү,
күмүш сымал ак металл. Таза А-дин (99,996%)
с. салм. 27, тыгызд. 2698 кг/мз (20°С), б. эрүү
t 660,24°С, кайноо t 2500°С. Сырткы электрондук катмарында 3 электрону (3s23pi) бар. Si, Си,
Zn, Мп ж. б. элементтер м-н ар түрдүү касиеттеги өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенгендиктен металлды андан ары
окистенүүдөн сактоочу АЪОзтүн жука кабыкчасы м-н капталат. Анын майда күкүмү ысытканда күйөт. Кычкылтек м-н активдүү кошулуу касиети металлдарды алардын оксиддеринен калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Жогорку
темп-рада азот, көмүртек, күкүрт м-н реакцияга кирип, нитридди (A1N), карбидди (А14С3),
сульфидци (A12S3), галогендер м-н галогениддерди (AIF3, А1С13) берет. Щелочто оңой эрип, суутекти бөлүп чыгарат да, алюминатты пайда кылат: 2AI+2NaOH+10H2O=2Na[Al(OH)4(H2O)2]+
+ЗН2. Ал өнөр жайда криолитте (NagAlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. А.
электр техникасында, авиация өнөр жайда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш-тиричилик буюмдарын жасоодо
кеңири колдонулат.