Difference between revisions of "АЛЬМАДЕН КЕНИ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
, 10-к-га чейин С и с а п о —
сымаптын дүйнөдөгү эң ири кендеринин бири.
Испаниядагы Сьерра-Морена тоосунун этегинде,
Мадридден 200 км түш. -батыш тарапта үстүнкү
горизонту ачык жол м-н 550 терендикке чейин.
Жер астынан казылып алынат. Аянты 5 км2.
Калган запасы 57 миң тдан ашуун. Кен (б. з. ч.
миң жылдыктын аягынан) белгилүү. 10-к-га
чейин киноварь (кызыл) боёгун алуу үчүн иштетилип, 1499-жылдан сымап алынат. Кен орун
алган аймакта палеозой заманынын башында
пайда болгон ж-а ири бүктөлүүлөргө, жылышууларга дуушарланган сланецтердин, кумдуктардын, кварциттердин, акиташтегинин катмарлары м-н кайнозойдун диабаз, кварц порфирлери
кезигет. Кен уз. 20 км келген тилкеде кварциттердин арасынан орун алып, катарлаша жаткан 3 кенташ (руда) кабаттарынан турат. Алардын калыңдыгы 8-12 м, уз. 300-500 жге жетет.
Кенташ негизинен кварц м-н киновардан турат.
А. к. герцин металлогениялык доордо пайда болгон гидротерм кенине кирет.