Difference between revisions of "АЛЫМСАБАК"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
кандайдыр бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. А. айтыштын
татаал түрүнө кирет. Айтышуунун бардык ыкмасы, түркүмдөрү кездешип, бүткүл айтышты
тутумдап турат. Мында ырчы өз алдынча эркин
ырдабастан, айтышты баштаган ырчынын оюн
улантып, логикасын, атүгүл ырынын уйкаштыгын бузбай, улам тереңдетип, күчөтүп, кульминациялык чегине жеткизе, атаандашынан калышпай айтышуусу керек. А. эки, үч, кээде бир
топ ырчылардын катышуусу м-н өткөндүктөн,
ойду улам жаңылап, корутундулап туруу кийинки ырчыларга жүктөлөт. A-та ырчылардын
саны чектелбейт, ырлары да ар кылка (бир сап,
эки сап, төрт сап, кээси узак) келип, көбүнчө
ырчылардын чеберчилигине, ошол учурдагы
жагдайга шартталат. Кыргыз акындар поэзиясында А-тын көрүнүктүү чеберлери: Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Кара Курман, Калык, Барпы, Коргол, Осмонкул, Алымкул ж. б.