Difference between revisions of "АЛЫМОВ Бектурсун"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй обл., Панфилов р-ну, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимд. док-тору (1994), КРдин эмг. сиң. мугалими (1983), Кырг-н жазуучулар ж-a журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы пед. окуу жайын (1951), Ош мамл. пед. ин-тун (1955) бүтүргөн. Ош обл-нын Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен р-нундагы мектептерде мугалим, дирек-тор, Кыргыз мамл. ун-тинде ага окутуучу, до-цент, проф. (1986). Ал кыргыз ад-тын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теор. ж-a методикалык эмгектерди жаратып, өз чыг-лыгы аркылуу окурмандын филос.-пед. ой-дүйнөсүнүн, жалпы мад-тынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй ил. эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адты б-ча программалардын, окуу китептеринин
ж-a методикалык эмгектердин автору. А-дун
«Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк»
фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери»,
«Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда
коюлган. Бишкек ш-ндагы № 39 мектепке анын
ысмы берилген.
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте
окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу
жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф.,
1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым
маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын
окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын
студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп,
Ф., 1991. С. Иптаров.