Difference between revisions of "АЛТЫН КЕСИЛИШ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:06, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 – так аныкталган матем.

пропорциялардын өз ара катышы. Мында курамдык эки бөлүктүн бир бөлүгү бүтүндүктөн өзү канча эсе кичине болсо, ошончо эсе экинчи бөлүктөн чоң болот. Өткөн замандын сүрөтчүлөрү м-н теоретиктери А. к-ти пропорциялуулуктун идеалдуу (абсолюттук) берилиши деп эсептешкен, ал эми практика жүзүндө бул «бузулгус мыйзамдын» эстетикалык мааниси туура (горизонталдык) ж-а тике (вертикалдык) багыттардын бирдей эместик күчүнө байланыштуу шарттуу чектелген. Көркөм сүрөт өнөрүнүн практикасында А. к. өзүнүн абсолюттук өзгөрбөс формасында сейрек колдонулат, бул жерде абстракттык матем. пропорциялуулук четтөөлөрүнүн ченеми м-н мүнөзү чоң мааниге ээ.