Difference between revisions of "АНОШИН"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыш. –
1958) – Түш. Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–07-ж. Уфа
ж-а Омск ш-нда рев-яга катышкандыгы үчүн
Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк
согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка
каршы чыгууларына катышкан. Февраль рев-ясынан кийин Ош ш-нда большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги м-н
уездцик борбордун большевиктери 1918-ж. Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта
РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин
биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп
шайланган. 1918-ж.
басмачыларга каршы күрөштү уюпггуруп, аны жетектеген.
1919–24-ж. Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.