Difference between revisions of "АНЕКДОТ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anekdotos – жарыяланбаган) –тамашалуу ж-а сатиралык курч мүнөздөгү
күлкүлүү кыскача баян. «А.» деген термин 1-
жолу Прокопий Кесарийскийдин сатиралык
«Купуя сырларында» (6-к.) колдонулган.
Россияда 18-к-дын 2-жарымында тарай баштаган.
Түрк элдеринде А-тор көбүнчө Молдо Насредин,
Кожо Насредин ж-а Апендинин ысымдарына
байланыштуу айтылат. Кыргыз ад-тында А. деген түшүнүк Октябрь рев-ясынан кийин пайда
болгон. Мурда ал «шакаба», «тамаша», «аңгеме»
деп аталып келген. Кыргыз элинде Куйручук,
Шаршен, Жоошбай ж. б-дын күлкүлүү кылыкжоруктарын баяндаган А-тор бар. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Негизги касиеттеринин бири – А. дайыма курч, таамай айтылган сөздөрдүн негизинде курулат. Элдик оозеки чыг-лыкта, о. эле күндөлүк кадыресе турмушта кеңири
кездешет.