Difference between revisions of "АНГАРА"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(түркчө ангар – «жазы өрөөн», тунгус-манжур тилдеринде – жарака, капчыгай,
шаңшаар) – Иркут обл. м-н Краснояр крайындагы дарыя, Енисейдин суусу мол оң куймасы. Уз. 1779 км, алабынын аянты 1040 миң км2.
Байкал көлүнөн башталып, Сибирь бөксө тоосунун түштүгү аркылуу агып, ортонку ж-а төмөнкү агымында трапптуу аймакты кесин өтөт.
Башталгандан көп аралыкка чейин суу сактагыч каскадцары бар. Төмөнкү агымында Мур
ж-а Стрелка босоголору (чатына жакын) шивералар, Мотыгино тушта (мында өрөөнүнүн жазылыгы 10 кмге жетет) аралдар көп. Негизги
куймалары: Иркут, Ока (Ия м-н), Кова, Тасеева
(сол), Илим, Чадобец (оң). Орт. чыгымы башталышында 1920 м3/сек, чатында 5100 м3/сек.
Суу сактагыч ноябрдан, төмөнүрөөгү октябрдын
аягынан июнга чейин тоңот. Башталышынан
тартып (ГЭС плотиналарында кез-кези м-н) кеме
жүрөт. A-да Иркутск, Братск, Усть-Илимск,
Богучанск ГЭСтери бар; боюнда Иркутск, Ангарск, Усолье-Сибирск, Свирск, Усть-Илимск ш.
жайгашкан.