Difference between revisions of "АНАЛИЗДИН КИНЕТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– реакцияга кирүүчү заттардын концент-сы м-н хим. реакциялардын ылдамдыгынын ортосундагы көз карандылыкка негизделген хим. анализ. Мында убакыт бирдигинде реакцияга кирген баштапкы заттардын же пайда болгон продуктунун саны өлчөнөт. Аныкталуучу элементтин катализатор катары реакциянын ылдамдыгына (v) көрсөткөн таасири төмөнкү тендеме
м-н туюнтулат:

Formula.F1

, мында, Ск,

Formula.F2

– катализатордун, баштапкы заттардын ж-а продуктунун концент-лары; к – ылдамдык константы; t – убакыт. Бул методдор м-н микроэлементтер ж-а металлдардын, куймалардын, суунун, өтө таза заттардын курамындагы эң аз сандагы кошулмалар аныкталат.