Difference between revisions of "АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2 дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан.
Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геол. запасы 3,8 млрд т
Кен негизинен (88%) ачык жол м-н казылып
алынат. Палеоген ж-а неогендин көмүрлүү
чөкмө тек катмарларынын арасында өтө татаал
түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5-2,5 м, неогендики 5-20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%,
күлдүүлүгү 15-35%, жылуулук берүү энергиясы
12–20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга
пайдаланылат.