Difference between revisions of "АМЕРИКА-ЯПОНИЯ КЕЛИШИМДЕРИ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
. АКШ м-н Япониянын ортосундагы алгачкы келишимге 1854-ж. Канагава ш-нда кол коюлган. Келишим б-ча амер. кемелер Хакодато ж-а Симода портторуна кирүүгө укук алып, 215 жылга созулган Япониянын «жабык эшик» саясаты аяктаган. Кийинки «Япония-Америкалык соода келишими» (1858) б-ча АКШ анын аймагында эркин соода жүргүзүү укугун алган. Бул келишимдер Ансэй келишимдери деген ат м-н бел-гилүү. «Жаңы Япония-Америка келишими»
(1894) ж-а «Тафт-Кацура келишимдери» (1895)
б-ча АКШ Кореяны Япониянын колониясы катары тааныган. «Рут-Такахира Япония-Америка келишими» (1908) б-ча эки мамлекет Тынч
океан чөлкөмүндө статус-квону сактоого ж-а
өз ара аймактык бүтүндүгүн урматтоого, Кытайда соода жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү
камсыз кылууга милдеттенишкен. «Япония-Америка соода келишиминин» (1939) негизинде эки
мамлекет өз ара экон. мамилелерин жөнгө салууга аракеттенген. 1940-ж-дын башында Японияда Коноэ кабинети АКШ м-н карым-катнашын
жөнгө салуу үчүн жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттенген, бирок алар ийгиликсиз аяктап, 1941-ж. Япониянын Перл-Харборго чабуул
жасоосу Япония-Америка согушуна алып келди. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка
м-н Япониянын ортосундагы Коопсуздук келишимине 1951-ж. 8-сентябрда Сан-Франциско ш-нда кол коюлган. Келишим б-ча АКШ куралдуу
күчтөрүн ж-а аскердик базаларын Япониянын
аймагында карман турууга укук алган. Достук, соода жана деңизде сүзүү жөнүндө келишим
1953-ж. 2-апрелде Токиодо түзүлгөн. Ал эки
өлкөнүн жарандарына ж-а компанияларына
«улуттук режимди» түзүп, амер. капиталдын Япониянын экономикасына кириши
үчүн шарт түзгөн. Өз ара коргонууну камсыз
кылууда жардамдашуу ж-дөгү келишимге
1953-ж. 8-мартта Токиодо кол коюлган. 1951–
54-ж. келишимдер Япониянын АКШга көз карандылыгын мурдагы бойдон калтырып, эки
мамлекеттин ортосунда согуштук союз түзүлгөн.
Өз ара жардамдашуу ж-а коопсуздук ж-дөгү келишимге 1960-ж. 19-январда Вашингтондо кол
коюлуп, 1960-ж. 23-июнда күчүнө кирген. Келишим б-ча АКШ куралдуу күчтөрү м-н базаларын
Японияда кармап туруу укугун узарткан.