Difference between revisions of "АМЕНОРЕЯ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(а... ж-а men – ай, rheo – агуу) –
этек кирдин келбей калышы. Жыныстык жактан жетиле элек кыздарда, кош бойлуу, эмчек эмизген ж-а климакс мезгилинде аялдарда байкалат. Анын башка учурларда болушу – кандайдыр бир оорунун белгиси. А. биринчилик (этек кири такыр келе элек) ж-а экинчилик (мурда келип жүрүп токтолгон) болуп айырмаланат. А-нын пайда болушуна түрдүү инфекциялар, ички бездердин оорулары, нерв-психикалык бузулуулар, жүрөк-кан тамыр, кан оорулары, өнөкөт уулануулар, тамак-аштын жетишсиздиги, абдан чарчоо же өтө семирүү ж. б. себеп болот. Кээде энелик безге рентген ж-а радиоактивдүү нурлардын таасиринен, аборттон, жыныс органдарынын өсүү кемтигинен ж. б. болушу мүмкүн. Аны дарылоо пайда кылган негизги себебине жараша жүргүзүлөт. Жакшы тамактануу, таза абада болуу, климат которуу м-н дарылоо, дарылоочу дене тарбия, нерв-психикалык эмоциялардан алыс болуу сунуш кылынат. Көбүнчө гормон дарылары колдонулат.