Difference between revisions of "АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Наринэ Шавкатовна (1942‑ж. т., Фрунзе) – опера ырчысы (меццо‑сопрано), КРдин эл арт. (1993). М. Күрөңкөев атн. Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайын бүтүргөн, Өзбекстандын Ташкент мамл. консерваториясында окуган. Кыргыз мамл. опера ж‑а балет театрынын солисти. 35 жылдын ичинде Дж. Бизенин «Карменинен» Кармендин, «Дон Карлос тон» Эболинин, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ольганын, «Карганын маткесинен» Полина м‑н Графинянын, «Черевичкиден» Солоханын, А. Бородиндин «Князь Игорунан»
Кончакованын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкейдин, М. Раухвергердин «Көкүлүнөн» Бурманын, А. Петровдун «Пётр 1нен» Екатеринанын ж. б. партияларды аткарган. КМШ өлкөлөрүнүн борбор шаарларында, Тунисте, Полыпада, Венгрияда гастролдо болгон.