Difference between revisions of "АК-МОЮН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 А р а ш а н – Нарын обл‑нун Ат­Башы р‑ндагы кыштак. Ак‑Моюн айыл аймагы­нын борбору. Ат‑Башы суусунун оң куймасы – Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2294 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ат‑Башы кыш‑нан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. 1930‑ж. орношкон. Калкы 1801 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, ФАП, мад‑т үйү, универмаг, турмуш­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыш­такта Соц. Эмг. Баатырлары А. Сейитбекова, А. Койчуманов туулган.