Difference between revisions of "АКМАТОВ Таштанбек"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(15. 3. 1938‑ж. т., ЫсыкКөл обл., Тоң р‑ну, Көк‑Сай айылы) – мал чарба өндүрүшүнүн новатору, эки жолку Соц. Эмг.
Баатыры (1976, 1986), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1982). 1977‑ж. К. И. Скрябин атн. Кыргыз а. ч. ин‑тун бүткөн. 1955‑жылдан ЫсыкКөл обл‑нун Тоң р‑нундагы 22‑партсъезд атн. колхоздо чабандын жардамчысы, баш чабан болуп иштеп, 197682‑ж. койдон төл ж‑а жүн алууда эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1982 жылдан ирилештирилген чабандык бригада түзүп, бригадада ар жүз тубар койдон 143төн козу, ар койдон 5,1 кг дан жүн кыркып алган (1983‑85). 1987‑91‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, 198991‑ж. СССР Жогорку Советинин, 1987‑90‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган. А‑дун коло бюсту Тоң р‑нунун Ак‑Сай айылына тургузулган (1988, айкелчиси Т. Садыков).