Difference between revisions of "АКМАТАЛИЕВ Амантур"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Амантур Сейтаалы уулу [12. 12. 1934, Нарын обл., Тянь‑Шань р‑ну (азыркы На­рын р‑ну), Жергетал өрөөнү, Бөрүлүү кыштоо­су – 30. 8. 2002, Нарын р‑ну, Лакол айылы] – көркөм өнөр таануучу, этнограф, КРдин мад­тына эмг. сиң. ишмер (1992). Нарын пед. окуу жайын (1951), Нарын мугалимдер ин‑тун (1954), КМУнун филология ф‑тин (1966) бүтүргөн. 1954– 72‑ж. Лейлек, Нарын р‑ндорунда мугалим, ди­ректор, «Советтик Кыргызстан» гезитинде ада­

бий кызматкер, бөлүм башчы, Нарын р‑нунун «Коммунисттик эмгек» гезитинин редактору, 1972–95‑ж. респ‑нын Өнөр жай министрлигинин Борб. конструктордук‑тех. бюросунун көркөм эксперимент лабораториясында инженер (аны уюштуруу чулардын бири), «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, Кыргыз эл чеберлер союзунда көркөм өнөр таануучу, «Манас‑1000» мамл. дирекциясында этнография б‑ча башкы адис, Кыргыз ил.-из. педагогика ин‑тунун кызматкери болуп иштеген. Көп жылдары КРдин улуттук теле көрсөтүүнүн «Эл чыгармачылыгы», гезит‑журналдардын «Эл ичи – өнөр кенчи», радионун «Маданий турмуш» рубрикаларын альш барган. КРдин сүрөтчүлөр союзунун, журналисттер союзунун, Кыргыз эл чеберлер союзунун мүчөсү. КРдин өнөр жайынын, телерадиокорпорациясынын, кесиптик‑тех. билим берүүнүн отличниги. Кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөө, иликтөө, топтоо, аны элге тааныштыруу б‑ча чоң эмгек сиңирген. «Кыр­гыздын кол өнөрчүлөрү» (1975), «Элдик оймочулук» (1980), «Боз үй» (1982), «Жасалга өнөр чеберлери» (1983), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1983), «Кыргыздын улуттук кийимдери» (1988), «Кыргыздын колдонмо‑жасалга өнөрү» (1989), «Усталар жана уздар» (1991), «Баба салты – эне адеби» (1993), «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» (1996), «Кыргыздын уз‑усталары» (антология, 1997) ж. б. китептердин автору. Элдик чеберлердин узануу‑уздануу ыкмаларын, кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөөдө албан иштерди аткарган. Медалдар м‑н сыйланган.

Ы.	Кадыров.