Difference between revisions of "АККОМОДАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(лат. akcomodatio – ыңгайла­нуу) медицинада– көздүн алыс ж‑а жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени кара­ганда көздүн А‑лык булчуңу жыйрылып, ошон­дон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нур­лары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топ­толуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө А‑лык булчуңдун жыйрылышы ж‑а чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начар­лайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасири­нен А‑лык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. А‑нын начарлашын ка­димки калыбына келтирүү үчүн, томпок линза­луу көз айнек кийүү сунуш кылынат.