Difference between revisions of "АККЛИМАТИЗАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(лат. ad – ошого, үчүн ж‑а гр. klima – климат) – организмдин бир жер­ден экинчи жерге алынып келингенде, шарты өзгөргөн жаңы чөйрөгө (климаттын өзгөрүшү, токой тигүү ж‑а кыюу, сазды кургатуу ж. б.) байырлануусу. Анда зат алмашуунун тукум куубаган өзгөрүүсү болот же түрдүн ген. струк­турасы өзгөрөт. Жаратылышта А. жаныбарлар ж‑а өсүмдүктөр жаңы жерге алынып келинген­де (миграция) же кокустан оошкондо ж. б. бо­лот. Адам пайдалуу жапайы түрлөрдү, о. эле а. ч. өсүмдүгүн, жаныбарларын башка жерге алып келгенде жасалма А. келип чыгат. Өсүм­дүк А‑сында климат факторлору (темп‑pa, ным­дуулук, жаан‑чачындын саны, жарык ж. б.), топурактын тиби, андагы микрофлора ж. б. чоң мааниге ээ. Ж а н ы б а р А‑сы көбүнчө душман­дарынын, тоют атаандашынын ж. б. болушуна байланыштуу. Түн. Америкадан Европага айрым жыгач өсүмдүк породалары (туя, карагай, Те­рек) ж‑а жаныбарлардын (ондатра, америка норкасы, нутрия, ак куйрук бугу) алынып ке­линиши мыкты натыйжаларды берген. Айрым учурда А. үчүн түрлөрдү жаңы жерге алып келүүдөн экол. тең салмактуулук, азыктануу

тизмеги өзгөрүлүп, жерг. түрлөрдү сүрүп чыга­рат. Мис., Амур жээгинен ж‑а Уссурий крайы­нан Россияга алынып келинген жанат сымал ит, өрдөк ж. б. куштардын жөжөлөрүн жок кы­лып, жерг. фауна – түлкү, кашкулак ж. б. кон­курент болушкан. Адамдын А‑сы адап­тациянын бир түрү. Ал организмдин зат алма­шуу ж‑а фукнкциясынын өзгөрүшү м‑н кошто­луп, организмдеги нейрогумор ж‑а рефлекс ре­акцияларынын таасири м‑н жүрөт. Адамдын жаңы климаттык ж‑а геогр. шартка байырла­нуусунда биол. процесстер м‑н катар социал., экон. факторлор – эмгек ж‑а тиричилик шар­ты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунду ээлейт. Киши ар түрдүү шарт­ка акырындап көнүгүп, А. убактылуу же биро­толо сакталат. А. суук климатка Караганда ысык климатта кыйыныраак, айрыкча нымдуу тропикте оор өтөт. Дене абдан ысып, өтө арык­тап, минерал заттар тер м‑н көп бөлүнүшүнө дуушар болот. Бара‑бара адам ысыкка ж‑а ным­дуулукка көнүп, зат алмашуу ж. б. физиол. функциялар калыбына келе баштайт. Тоолуу жер деңиз деңг‑нен канчалык бийик болсо, А. ошончолук кыйынчылык м‑н жүрөт.