Difference between revisions of "АКИНАК"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(гр. akinakes – кыска) – темирден жасалган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс ж‑а сак
жоокерлери колдонгон. Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу ж‑а ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Сабынын учу жүрөк, жарым ай ж‑а жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр м‑н кооздолгон. Кеч сак ж‑а усун доорунда темирден жасала баштаган. Кырг‑нда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн A‑тар табылган.
О. А. Солтобаев.