Difference between revisions of "АККЛИМАТИЗАЦИЯ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. ad – ошого, үчүн ж‑а гр. klima – климат) – организмдин бир жерден экинчи жерге алынып келингенде, шарты өзгөргөн жаңы чөйрөгө (климаттын өзгөрүшү, токой тигүү ж‑а кыюу, сазды кургатуу ж. б.) байырлануусу. Анда зат алмашуунун тукум куубаган өзгөрүүсү болот же түрдүн ген. структурасы өзгөрөт. Жаратылышта А. жаныбарлар ж‑а өсүмдүктөр жаңы жерге алынып келингенде (миграция) же кокустан оошкондо ж. б. болот. Адам пайдалуу жапайы түрлөрдү, о. эле а. ч. өсүмдүгүн, жаныбарларын башка жерге алып келгенде жасалма А. келип чыгат. Өсүмдүк А‑сында климат факторлору (темп‑pa, нымдуулук, жаан‑чачындын саны, жарык ж. б.), топурактын тиби, андагы микрофлора ж. б. чоң мааниге ээ. Ж а н ы б а р А‑сы көбүнчө душмандарынын, тоют атаандашынын ж. б. болушуна байланыштуу. Түн. Америкадан Европага айрым жыгач өсүмдүк породалары (туя, карагай, Терек) ж‑а жаныбарлардын (ондатра, америка норкасы, нутрия, ак куйрук бугу) алынып келиниши мыкты натыйжаларды берген. Айрым учурда А. үчүн түрлөрдү жаңы жерге алып келүүдөн экол. тең салмактуулук, азыктануу
тизмеги өзгөрүлүп, жерг. түрлөрдү сүрүп чыгарат. Мис., Амур жээгинен ж‑а Уссурий крайынан Россияга алынып келинген жанат сымал ит, өрдөк ж. б. куштардын жөжөлөрүн жок кылып, жерг. фауна – түлкү, кашкулак ж. б. конкурент болушкан. Адамдын А‑сы адаптациянын бир түрү. Ал организмдин зат алмашуу ж‑а фукнкциясынын өзгөрүшү м‑н коштолуп, организмдеги нейрогумор ж‑а рефлекс реакцияларынын таасири м‑н жүрөт. Адамдын жаңы климаттык ж‑а геогр. шартка байырлануусунда биол. процесстер м‑н катар социал., экон. факторлор – эмгек ж‑а тиричилик шарты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунду ээлейт. Киши ар түрдүү шартка акырындап көнүгүп, А. убактылуу же биротоло сакталат. А. суук климатка Караганда ысык климатта кыйыныраак, айрыкча нымдуу тропикте оор өтөт. Дене абдан ысып, өтө арыктап, минерал заттар тер м‑н көп бөлүнүшүнө дуушар болот. Бара‑бара адам ысыкка ж‑а нымдуулукка көнүп, зат алмашуу ж. б. физиол. функциялар калыбына келе баштайт. Тоолуу жер деңиз деңг‑нен канчалык бийик болсо, А. ошончолук кыйынчылык м‑н жүрөт.