Difference between revisions of "АКИТАШ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– акиташ, карбонат тоотектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгыздыгы 3,4 г/см3. А‑тын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба ж‑а гидравликалык А. болуп айырмаланат. Аба А‑ы табигый кальций‑магний карбонат тектерин шахта, айланып туруучу мештерде 10001200°Сде бышыруудан алынат. Негизинен СаО ж‑а MgOflOH турат. Курулуш ишинде, хим. өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, а. ч‑нда, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдонулат. Гидравликалык А. карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900‑1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат ж‑а кальций ферратынан турат. Гидравликалык А. аба А‑ына караганда тех. касиети б‑ча жаратылыштын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.