Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– 9–12‑к‑га таандык археол. эстелик. Чүй обл‑нун Москва р‑нундагы Степинское айылынын түн. тарабында, АкСуунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал аскер ж‑а бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын уз. 15 км, бийикт. 3‑3,5 м, калыңдыгы 18‑20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер ж‑а жал тосмолору м‑н бекемделген. А. ш. к‑нын борб. бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жайгашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко, о. эле 1974‑ж. Казак мамл. ун‑тинин окумуштуусу У. X. Шалекенов тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.