Difference between revisions of "АКВАЛАНГ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. agua – суу, анг. lung – жеңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат.
1943‑ж. фр. Ж. И. Кусто м‑н Э. Ганьян ойлоп чыгарган. Кысылган абалуу баллондон ж‑а дем алдыргыч аппараттан турат. КөбүнАквалангдын түзүлүшү: 1- аба толтурулган баллон; 2- дем алдыруучу автомат; 3- дем алдыруучу түтүк; 4- дем чыгаруучу түтүк; 5- томого; 6- кур.
чө суу астындагы спортто, чөгүп бараткандарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, тех. жумуштарда, балык уулоодо ж. б‑да колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгизгендиктен, аны м‑н 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.