Difference between revisions of "АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Ысык‑Көлдүн түш. жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусу­нун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң р‑нун ай­магында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бой­лой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалча­лардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930­жылдагы топогр. картада азыркы жарым арал­дын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздык­тар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑ж.). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчала­рынын бир бөлүгү талкаланып, кум плитала­рына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан ке­мелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; терендиги 3–4 м. Таманы илээшкек ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал ж‑а анын акваториясы суу­чул куштардын, а. и. ак куулардын кышында байырлоочу жайы.