Difference between revisions of "АКАДЕМИЯ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. Academia) – ил. мекемелердин ж‑а жогорку окуу жайларынын аталышы. «А.» сөзү б. з. ч. 380‑ж. ортосунда Платон филос. мектепти негиздеген Афиныга жакын жерге берилген мифтик каарман Академдин атынан келип чыккан. Эллинизм доорунда А‑га окшош ил. коомдор (Александрия Мусейону, б.
з. ч. 3‑к.) пайда болгон. О. кылымда Чыгышта Багдадца «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑к‑дын башталышы), Марата (13‑к.), Самарканд (15‑к.) обсерваторияларынын алдындагы ил. коомдор белгилүү болгон. Европада 15‑16‑к‑да көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү ил. коомдору да А. деп аталган. 17‑к‑да табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече ил. коомдор – А. иштеген. 17к‑дын экинчи жарымынан тартып, мамл. бийликтин колдоосу м‑н А. улуттук ил. борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Парижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑ж. Россияда ИАдан тышкары орус тилин ж‑а көркөм чыгармаларды изилдөө иштерин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон.
Комплекстүү типтеги А‑лар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин Бранденбург илимдер академиясы, Дания Королчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коому, Францияда – Франция институту, Италия да – дея Линчея улуттук академиясы, Испанияда – Испан королчулук академиясы; Азия ж‑а Африка өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет ин‑ту (1798‑ж. негизделип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган.
Көп өлкөлөрдө тармактык А‑лар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү академиясы, Россия медицина илимдеринин академиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец ил.-из. коому, Макс Планк атн. коом ж. б.; Данияда – Дания тех. илимдер академиясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улуттук борбору, Франция академиясы ж. б.
Кырг‑нда А. 1954‑ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек ш.) СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыр
гыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы статусун алган. Мамл. А. м‑н катар КРда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар.
А‑га мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) ж‑а өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. М. Оморов.