Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– КРдин жер фонду суна кирүүчү, а. ч. муктаждыктары ж. б. максаттар үчүн бөлүнгөн жер участкалары. А. ч. ж‑нин укуктук абалы КРдин Конституциясы, Жер кодекси ж. б. нормативдик укуктук актылар м‑н жөнгө салынат. Бул багыттагы жерлер азык‑түлүк өндүрүү үчүн пайдаланылуучу айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, шалбаалар, чабындылар, жайыттар ж‑а өндүрүштү уюштурууга, жүргүзүүгө зарыл түрдүү курулуштарды, коомдук, турак жай имараттарын курууга керектелүүчү аянттар болуп
бөлүнөт. Мындай жерлер мамл. ж‑а КРдин жарандарынын менчигинде боло алат. Чет өлкөлүк юрид. жактар ж‑а жарандар, о. эле жарандыгы жоктор жерди мөөнөттүү пайдалануу укугуна ээ. Жайыттар мамлекеттин менчигинде гана болгондуктан, жер пайдалануучуларга мөөнөттүү пайдаланууга берилет. А. ч. багытындагы жерлер башка максаттар үчүн пайдаланылбайт. КРдин мыйзамдарында каралгандан сырткары айдоо аянттардын, жүзүмзар, мөмө бактар ж. б. жерлердин аянтын азайтууга жол берилбейт. А. ч. ж‑н айыл жергесинде эки жылдан кем жашабаган ж‑а он сегиз жашка чыккан КРдин жарандары гана сатып алууга акысы бар. А. ч. багытындагы жерлерди банктар ж‑а атайын финансы‑кредиттик мекемелер гана күрөөгө (залог) алат. Жер ээлери ж‑а пайдалануучулар жерг. шарттарды эске алуу м‑н илимдин, алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин негизинде жерди туура, сарамжал пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга ж‑а эрозия болушуна, шорго же сазга айланып кетишине, кум басышына, отоо чөптөр м‑н зыянкечтерге каршы күрөшүүгө милдеттүү.
Б. Рысмендеев.